КАЙТАЛАНМА ПРОЦЕСС
КАЙТАЛАНМА ПРОЦЕСС
Кайталанма жана кайталанма эмес процесс деген эмне?
Сырткы чөйрө менен жумуш аткаруу же жылуулук алмашуу боюнча байланышта турган, заттардын туруктуу санын сактаган жабык системаны карайлы.
dU = - pdV + W 1
dH = Q + Vdp - W1
Мындай системада кандай гана кубулуш жүрбөсүн, аны сырттан таасир этүү менен баштапкы абалга келтирүүгө болот. Мисалы, туруктуу температурада азот менен кычкылтекти аралаштыралы дейли. Пайда болгон аралашманы терең муздатуу менен аларды бири-биринен бөлүп алып, мурунку температурага чейин ысытып, системаны баштапкы абалына чейин калыбына келтирүүгө болот. Бул мисалда системада кайталанма процесс жүрдү десе болот. Бирок сырткы чөйрөнүн өзгөрүшүн эске алган жокпуз, анткени анын абалы дагы өзгөрөт.
Эгерде системада кандайдыр бир процесс жүрүп анын абалы кайра баштапкы абалына келгенде, аны менен чогуу процесске катышкан сырткы чөйрөдөгү заттардын абалдары дагы баштапкы абалдарына келсе, анда мындай кубулушту кайталанма процесс дейбиз.
Ал эми система же сырткы чөйрөнүн бири баштапкы абалына келбесе, анда процесс кайталанма эмес болот.
Сүрүлүүсү жок маятниктин термелүүсү, тартылуу жана түртүлүү күчтөрүнүн негизинде турган телолор кайталанма процесстерге мисал болсо, ал эми ар кандай температурадагы турган заттардын биринен экинчисине энергиянын өтүшү же боштукта газдардын кеңейүү жумуштары кайталанма эмес кубулуштарга мисал боло алат.
Тең салмактуулукта жүргөн процесстер кайталанма процесстерге кирет.
Мисалы, жылулукту берген зат менен жылуулукту кабыл алган заттын температуралары бири-биринен чексиз кичинеге айырмаланса жылуулук кайталанма шартта берилет.
Система менен сырткы чөйрөнүн басымдары бири-бирине жакын болсо, кеңейүү же кысылуу жумуштары кайталанма абалда аткарылат.
Чексиз акырын жүргөн процесс кайталанма процесс болуп саналат.
Убакыт термодинамикалык параметрге кирбейт.
Классикалык термодинамикада кайталанма процессдин мааниси абдан чоң, себеби системаны бир абалдан экинчи абалга кайталанма шартта алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Что делает видео по-настоящему запоминающимся? Наверное, та самая атмосфера, которая заставляет забыть о времени. Когда вы заходите на RUVIDEO, чтобы посмотреть онлайн «КАЙТАЛАНМА ПРОЦЕСС», вы рассчитываете на нечто большее, чем просто загрузку плеера. И мы это понимаем. Контент такого уровня заслуживает того, чтобы его смотрели в HD 1080, без дрожания картинки и бесконечного буферизации.
Честно говоря, Rutube сегодня — это кладезь уникальных находок, которые часто теряются в общем шуме. Мы же вытаскиваем на поверхность самое интересное. Будь то динамичный экшн, глубокий разбор темы от любимого автора или просто уютное видео для настроения — всё это доступно здесь бесплатно и без лишних формальностей. Никаких «заполните анкету, чтобы продолжить». Только вы, ваш экран и качественный поток.
Если вас зацепило это видео, не забудьте взглянуть на похожие материалы в блоке справа. Мы откалибровали наши алгоритмы так, чтобы они подбирали контент не просто «по тегам», а по настроению и смыслу. Ведь в конечном итоге, онлайн-кинотеатр — это не склад файлов, а место, где каждый вечер можно найти свою историю. Приятного вам отдыха на RUVIDEO!
Видео взято из открытых источников Rutube. Если вы правообладатель, обратитесь к первоисточнику.