RUVIDEO
Поделитесь видео 🙏

Бойдок аалымдар

БОЙДОК ААЛЫМДАР
Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө! Чынында акырет күнүндө мен үммөтүмдүн көптүгү менен мактанам»-деп айткан. Чынында үйлөнүү бул пайгамбарыбыз САВдын сүннөтүнөн. Үйлөнүү тууралуу дагы көптөгөн аяттар, хадистер бар. Бирок ушунчалык аят хадистер бар экендигине карабай эч үйлөнбөстөн жашап өткөн Ислам аалымдары бар. Булар анда пайгамбарыбыз САВга каршы чыккан болуп калышабы. Же Куранга каршы туруп калган болушабы? Келиңиздер, бул суроого жооп издеп көрөлү.
Эгер башынан баштай турган болсок эки пайгамбар Йахя АС менен Иса АС бул дүйнөдөн эч үйлөнбөстөн өтүшкөн. Пайгамбарыбыз САВдын убагында болсо “Асхаб-ы Суффа” аттуу окуу жай болуп, ал жерде сахабалар Пайгамбарыбыз САВдан илим алып, аны дүйнөгө жайышкан. Булардын ичинен да үйлөнбөй, өзүн динге арнаган сахабалар болгон. Мисалга алсак эң көп хадис рываят кылган сахаба Абу Хурайра РА. Абу Хурайра РА дайыма Пайгамбарыбыз САВдын жанында жүрүп, ага кызмат кылган. Азыркы күнгө чейин жетип келген илимдин олуттуу бөлүгүндө бул улуу сахабанын салымы бар албетте. Ал эгер “үйлөнсөм тиричиликтин айынан Пайгамбарыбыз САВдын жанында көп боло албай калам. Натыйжада андан көп илим алалбай, көп хадис жаттай албай калам”-деген ниетте өзүн динге арнаган. Пайгамбабырыбз САВ да анын үйлөнбөй жашоосуна унчуккан эмес.
Андан кийин үйлөнбөстөн өзүн динге арнаган аалымдар болгон. Булардын кээ бирлери менен таанышып чыгалы:
1. Имам Шафи РА: 767-820-жылдарда жашап өткөн Шафи мазхабынын негиздөөчүсү болгон аалым. Дин үчүн аябай көп мээнет кылган. Көптөгөн эмгектерди жазган. Учурда кабыры Каирде.
2. Бишри Хафи: 767-жылы Хорасан аймагында Марв шаарында төрөлгөн. Атасы Марв шаарынын жетекчилеринен болгон. Жаш кезинде динден алыс болуп, бираз сыноого дуушар болсо да, кийин тообо кылып, дин үчүн аябай көп кызмат кылган. Өмүрүн Аллах жолуна арнаган.
2. Имам Бухарий: 810-жылы Бухара жергесинде төрөлгөн. 870-жылы Өзбекистандын Хартанг аймагында кайтыш болгон. Өмүр бою дин үчүн, илим үчүн көп жерлерди кыдырган, өзүн динге арнаган хадис аалымы, фикх аалымы, акын, философ. Курандан кийинки эле орунда турган китептерден болгон “Сахих ал Бухарий”-аттуу хадис китебинин автору.
3. Имам Табарий: 839 – 923-жылдарда жашап өткөн аалым, тарыхчы. Ирандын Табарий жергесинде төрөлгөн. Өтө көптөгөн эмгектерди жазган. Алардын эң чоңдору Ыйык Курандын тафсири болгон “Тафсирул Табарий”, бирөөсү болсо “Тарихул Табарий”. Бул аалым да өмүрүн динге арнаган аалым.
4. Замахшарий: 1075-жылы Өзбекистандын Хорезм жергесинде төрөлүп, 1144-жылыкайтыш болгон. Фыкых аалымы, адабиятчы, тафсирчи, акыйда илими боюнча адис, оратор илими боюнча адис болгон. Бул аалым да өмүрүн дин үчүн арнаган. Өзүнүн 69 жылдык өмүрүндө өтө көп эмгектерди үммөт үчүн калтырып кеткен.
5. Имам Нававий: 1233-жылы Сирияда төрөлгөн. 1277-ж кайтыш болгон. Өмүрүн Аллах жолунда арнаган бул аалым да фикх, хадис жб тармактарда көптөгөн эмгектерди жараткан. Риязус Салихин аттуу чыгармасы атактуу.
6. Саид Ахмад Бадавий: 1200-жылы Мароккодо төрөлүп, 1276-жылы Египетте кайтыш болгон. Атасы жактан да, апасы жактан да Пайгамбарыбыз савдын урпагынан эле. Өмүрүн Аллах жолунда өткөргөн аалым дин үчүн өтө көп кызмат кылган. Ага үйлөнбөйсүңбү дегендерге: “Бейиштеги хурилерге гана үйлөнөм”-деп жооп берген.
Кийинки доордо жашап өткөн аалымдардан болсо Саид Нурси жана Мухаммад Хамидуллах бар.
7. Бедиуззаман Саид Нурси 1878-жылы Түркиянын Битлис аймагында төрөлгөн. Атасы жактан да апасы жактан да Пайгамбарыбыз САВдын урпагынан болуп саналат. Дин мээнетин кылгандыгы үчүн 27 түрмөдө жатып, 14 томдон турган “Рисале-и Нур” аттуу тафсир жазган. Өмүрүн Аллах жолунда өткөргөн аалымдардан.
8. Мухаммад Хамидуллах: 1908-жылы Индиянын Хайдарабад жергесинде төрөлгөн. Ислам аалымы, адвокат, философия илимдеринин доктору. Кыркка жакын эмгек жазган. Өмүрүн дин жолунда арнаган аалым. 2002-жылы кайтыш болгон.
Ислам дини негизинен үй-бүлө курууну жактырат. Төрт нерсе Пайгамбарыбыз САВдын сүннөтүнөн болсо анын бирөө үйлөнүү деп келет хадистердин маанисинде. Ар бир адамдын абалына жараша үйлөнүүнүн өкүмү өзгөрөт. Кээ бирлерине парз, а.э. кээ бирлерине сүннөт.
Бул аалымдар чынында үйлөнбөстөн өтүүсү бир гана Аллахка кызмат кылуу жолунда болгон. Үй-бүлө куруп, тиричилик кылуу дегендин ордуна дин мээнетин тандашкан. Бирок эч бир жерде себепсиз үйлөнбөй жүрө берсе боло берет деген сунушун айткан эмес бул аалымдар.

Что делает видео по-настоящему запоминающимся? Наверное, та самая атмосфера, которая заставляет забыть о времени. Когда вы заходите на RUVIDEO, чтобы посмотреть онлайн «Бойдок аалымдар», вы рассчитываете на нечто большее, чем просто загрузку плеера. И мы это понимаем. Контент такого уровня заслуживает того, чтобы его смотрели в HD 1080, без дрожания картинки и бесконечного буферизации.

Честно говоря, Rutube сегодня — это кладезь уникальных находок, которые часто теряются в общем шуме. Мы же вытаскиваем на поверхность самое интересное. Будь то динамичный экшн, глубокий разбор темы от любимого автора или просто уютное видео для настроения — всё это доступно здесь бесплатно и без лишних формальностей. Никаких «заполните анкету, чтобы продолжить». Только вы, ваш экран и качественный поток.

Если вас зацепило это видео, не забудьте взглянуть на похожие материалы в блоке справа. Мы откалибровали наши алгоритмы так, чтобы они подбирали контент не просто «по тегам», а по настроению и смыслу. Ведь в конечном итоге, онлайн-кинотеатр — это не склад файлов, а место, где каждый вечер можно найти свою историю. Приятного вам отдыха на RUVIDEO!

Видео взято из открытых источников Rutube. Если вы правообладатель, обратитесь к первоисточнику.